04.09.2019 09:09

Бишкек шаардык сотунда Атамбаевдин иши боюнча эки отурум өтөт

Бишкек шаардык сотунда Атамбаевдин иши боюнча эки отурум өтөт

Бүгүн, 4-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын даттануусу боюнча эки соттук отурум болот. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошов билдирди.

Анын айтымында, биринчи отурум 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча өтөт. Бул иш Бишкек шаардык сотунда саат 11:00гө белгиленген. Бирок УКМКдан эле өткөрүп коюшу мүмкүн.

Ал эми экинчи соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болот. Ал саат 11:30га белгиленген.