Бишкек шаарында, Луговое жана Ленин айылдарында 6-9-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкек шаарында жана Чүйдүн айрым айылдарында 6-9-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.
Маалыматта, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы айтылат:
- 7-8-августта Бишкек шаарынын Ж.Жолу, Үсөнбаев, Мичурин, Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 6-9-августта Ленинское айылынын Алма-Ата, Коммунарская, Набережная, Восточная, Виноградная көчөлөрүндө;
- 6-9-августта Луговое айылынын Садовая, Трансформаторная, Садыгалиев, Алма-Ата, Аламүдүн, Северная, Малая ГЭС көчөлөрүндө.
Ишкана оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирет.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: