08.08.2018 10:47

Бишкек шаарынын башчысы болуп Азиз Суракматов шайланды

Бишкек шаарынын башчысы болуп Азиз Суракматов шайланды

Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. Жалгыз талапкерге шайлоого катышкан 44 депутаттын 43ү «макул», бирөө «каршы» добуш берди. 

Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Чүй облусунда туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз курулуш-архитектура институтун, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган.

Эмгек жолу:
1994-1995 — "Шоола" ААКта өндүрүш мастери;
1995-1996 — "КР Керек-жарак коому союздарынын" өндүрүш мастери;
1996-1999 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи;
1999- 2000 — "Консалтинг-адистик фирмасы" ЖЧКсынын директору;
2002-2008 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынынын башкы архитекторунун орун басары;
2000-2002 — Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис;
2008-2010 — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
2008-2008 — Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
2010 — Жогорку Кеңештин депутаты;
2012 — КР Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөсү;

КРдин муниципалдык кызматынын II класстагы кеңешчиси.