23.03.2020 11:04

Коронавирус: Кыргызстандагы жергиликтүү шайлоолор белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Коронавирус: Кыргызстандагы жергиликтүү шайлоолор белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал бүткөнчө 12-апрелге белгиленген Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөйт.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. 

Белгилей кетсек, дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган. Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42 учур аныкталды.