12.03.2019 11:23

Бишкек шаарынын борборунда жеңил унаа өрттөндү (сүрөттөр)

Бишкек шаарынын борборунда  жеңил унаа өрттөндү (сүрөттөр)

Бишкек шаарынын борборунда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Бул туурасында April.kg сайтына күбөлөр билдиришти. 

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн болжол менен 11:00дө Жибек Жолу-Манас проспектилеринин кесилишинде орун алган. Жеңил унаанын кыймылдаткычы күйгөн.

Учурда окуя болгон жерге ИИМдин ЖКККББ кызматкелери келди. ӨКМ кызматкерлери өрт эмнеден улам чыкканын териштиришүүдө.