20.12.2018 10:17

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн дээрлик 50 килограмм баңгизаты табылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн дээрлик 50 килограмм баңгизаты табылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн ири көлөмдөгү баңгизаты табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.

Ленин районунун ИИБинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына кайсы бир жаран баңгизатын сатыкка чыгарууга даярдап жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Мындан улам, козголгон кылмыш ишинин алкагында 2018-жылдын 7-декабрында болжол менен 03:00 чамаларында А.Б. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. 

Тинтүү учурунда үйдөн 6,5 кап кургатылган кара куурай, ичинде маңзатка окшош зат бар 20 даана ширеңке кутусу жана 2 желим баштык табылган. Алынган маңзаттар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен 6,5 каптагы зат  47.588 кг кургатылган марихуана, ширеңкенин кутусундагы жана желим баштыктардагы жалпы салмагы 1.872 килограммды түзгөн гашиш экени аныкталган.

Баңгизаттарын аныктоо жана алып коюу фактысы менен Ленин районунун ИИБинин Тергөө кызматына тарабынан  247-берене боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучу 1-Тергөө изоляторуна 2 айга киргизилди. Териштирүү жүрүүдө.