10.08.2018 14:52

Бишкек ШИИБи: Шаар тургундардын өмүрүнө коркунуч жок

Бишкек ШИИБи: Шаар тургундардын өмүрүнө коркунуч жок

Бүгүн, саат 11:28 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө  Исанов, 98 дареги боюнча жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынан бир нерсе жарылган сыяктуу добуштар тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган жерге Биринчи май райондук ИИБ, Бишкек шаардык ИИБ жана ИИМден кызматкерлер жиберилген. 

Алдын-ала маалымат боюнча, жапа чеккендер жана курмандыктар жок. Учурда жеринде УКМКнын кызматкерлери менен ыкчам топ иштеп жатат. Бишкек ШИИБ «Жарылуу ишкер Александр Гайдуковдун унаасынан чыккан, унаага жарылуучу зат коюлган» деген маалыматты тергөө жүрүп жатканына шылтап ачыктаган жок.

Тергөөчүлөр менен эксперттер күбөлөр менен кошуналардан жарылуунун чоо-жайын тактап жатышат. Көп кабаттуу үйдүн айланасы тартип сакчылары тарабынан курчоого алынып, текшерилүүдө. Тургундар үчүн коркунуч жоктугу айтылат.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жарылуудан эркек киши жабыркап, Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилгенин April.kg порталына билдирген.

Эскерте кетсек, бүгүн бир катар ЖМКлар жарылуудан жапа чеккен адам бизнесмен Александр Гайдуков экенин жазып чыгышкан.  Жарылуучу зат анын «Лексус» үлгүсүндөгү  унаасына орнотулганы айтылат.  Александар Гайдуков Россиянын жараны болуп эсептелет анын Кыргызстанда бир нече компаниясы бар. 2016-жылы да ушундай эле окуя катталып, анда белгисиз жаран мылтык сунуп, Россиялык жеке ишкерге ок чыгарган. Кылмыштын бети ачылган эмес.