31.01.2020 14:35

Жарандык активист Мелис Аспеков ШИИБге сурак берет

Жарандык активист Мелис Аспеков ШИИБге сурак берет

Жарандык активист Мелис Аспеков сурак берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасында билдирди.

Чакыруу баракчасын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жөнөткөн.

Белгилүү болгондой, Аспековду ведомствого күбө катары чакырышкан. Ал суракка бүгүн, 31-январда саат 15:00дө барып калышы керек.

Жарандык активист кайсы иш боюнча күбө катары сурак берээри такталган эмес.

 

Эске салсак, 2019-жылдын сентябрь айында Мелис Аспеков экс-спикер жана азыркы депутат Чыныбай Турсунбековдун үстүнөн башкы прокуратурага арызданган.

Анда Аспеков Турсунбеков алкоголдук ичимдиктерди жасаган завод жана «АкылИнвестБанкты» рейдерлик жол менен тартып алышы мүмкүн деген маалыматты текшерүүнү өтүнгөн.