10.04.2019 14:23

Бишкек тургундары мэриянын курулушка жер бөлүп берүүдөгү шалаакылыгына - нааразы

Бишкек тургундары мэриянын курулушка жер бөлүп берүүдөгү шалаакылыгына - нааразы

Бишкектеги Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары курулушка жер бөлүп берүүдөгү шалаакылыкка нааразы. Бул туурасында алар April.kg порталына билдиришти. 

Тургундардын айтымында, алар жашаган үйдүн каршысына буга чейин шаар куруу эрежелерин эске албай туруп, 10 кабаттуу үй курулган. Кийин анын жанына дагы бир 12 кабаттуу турак-жай курулмай болгон. 

Бирок, жаңы курулуш үчүн жерди казып башташканда жумушчулар ток өтүүчү кабелге тушугушкан. Бул айтылган тилкеде курулуштун бардык түрлөрүнө тыюу салынат жана ага баш ийбөө адам өмүрү үчүн кооптуу дегенди билдирет. Мындан улам, жергиликтүү тургундар астынан электр кабели өтө турган жерге курулуш жүргүзүүгө уруксаатты ким жана кантип бергенине айран-таң калышууда. 

Маалыматка караганда, азыр 10 кабат үй куруу максатталган жерди казуу иштери токтотулду.