10.06.2019 17:32

Бишкек жана Чүйдө чет өлкөлүктөрдү карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Бишкек жана Чүйдө чет өлкөлүктөрдү карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды, алардын үчөөсү - эркек, бирөө- кыз. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап, июнга чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында Пакистан жана Индиянын жарандары бир нече ирет тонолгон.

Чет өлкөлүк жарандарга кол салуу

1-майда болжол менен 21:50 чамасында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер ушул үйдө жашаган Пакистандын жараны, 20 жаштагы К.С. аттууга карата физикалык күч колдонушуп, анын 1 600 АКШ долларын жана жеке буюмдарын ээлеп алышып, изин жашырып качып кетишкен. Аталган факты бирдиктүү реестрге «Тоноо» боюнча катталган.

20-майда болжол менен 21:30 чамасында Бишкек шаарында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиядан келген студенттерди коркутууп, 40 миң сомун алып кетишкен. Ошондой эле кол салгандардын бирөөсүндө бычак болгон. Кылмышкерлер акчадан сырткары, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефондорун тартып алышкан. Бул факты Биринчи май РИИБде «Каракчылык» менен катталган.

29-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында белгисиз беш адам Пакистандын жарандары жашаган Абдрахманов көчөсүндөгү батирге кирип келишкен. Кол салгандар физикалык күч колдонушуп, 250 АКШ долларын, 6 уюлдук телефон жана 2 ноутбукту тартып алышкан. Жогорудагы факты  боюнча «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки иликтөөлөр жүрө баштаган.

2-июнда Индиянын жарандарына каракчылык жасалган. Болжол менен саат 21:00 чамасында азият түспөлүндөгү белгисиз беш адам Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан батирге кирип келишип, Индиянын жараны, 19 жаштагы К.А. аттуунун денесине жаракаттарды келтиришип, 9 миң сомун, төрт баалуу уюлдук телефонун, принтерин тартып алышып, издерин жашырып качып кетишкен. Аталган факты Биринчи май РИИБге «Каракчылык» менен бирдиктүү реестрге  катталган.

3-июнда Бишкекте кийинки карактоо катталган.

«Кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын сезишип, бул жолу өзгөчө оройлук менен кол салышкан»

ИИМ

 Болжол менен саат 03:00 чамасында азият түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы беш белгисиз адам тапанча жана бычактар менен куралданып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кылмышкерлер Пакистандын беш студентинин денесине кол салышып, 1,5 миң долларын, бир нече уюлдук телефондорун ээлеп алышкан. Аталган факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

8-июнда болжол менен саат 23:15 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында спорттук кийимчен, медициналык бет капчан чымыр денелүү белгисиз төрт адам бычак менен куралданышып, Пакистандын жарандары жашаган батирге кирип барышкан. Чет өлкөлүк жарандардын денесине жаракаттарды келтирип, 2 700 АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Бир нече ай мурун темир тордон бошоп чыгышкан...

ИИМ кызматкерлеринин чет өлкөлүк жарандарды карактоонун бетин ачуу боюнча жүргүзүшкөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Аныкталган маалымат боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурда соттолгондордон турат жана бир нече ай мурда жаза мөөнөтүн өтөө жайынан бошотулушкан. Ар бир жасаган кылмыш иштерин алар дыкаттык менен пландашып, бет капчан кылмыштарды жасап жүрүшкөн. Жабырлануучулардын батиринин эшиктерин каккылашып, кылмышкерлер өздөрүн сантехник же коңшусу катары тааныштырышып, андан соң аларды уруп-сабашып, байлашып, акча каражаттары менен уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Кылмыштуу топту кармоо боюнча операция 2019-жылдын 9-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында жүргүзүлгөн. Тонолгон акчаларга алар эс алууну чечишкен, бирок бул кылмыштуу ойлору ишке ашкан жок.

Кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрү:

- Ош облусунун тургуну, 25 жаштагы Х.Д. аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы З.Д. аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну, 23 жаштагы А.у.А. аттуу жаран, мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Чүй облусунун тургуну (кыз киши), 25 жаштагы Т.К. аттуу жаран, Бишкек шаарында жашап жүргөн, мурда бейбаштык боюнча соттолгон.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.