14.02.2019 15:23

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жети мурунку аткаминердин мүлктөрү камакка алынды

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча жети мурунку аткаминердин мүлктөрү камакка алынды

Бишкек ЖЭБин жаңылоого тиешеси барлардын мүлктөрү камакка алынды. Алардын наркы жалпысынан 413 млн. 885,3 миң сомду түзөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. 

«Мүлктөрүн өлкөдөн чыгарып кетпесин, же сатып ийбесин деп камакка алдык. Кандай чечим чыкканына жараша ал акча казынага түшөт, болбосо башка уюмга өткөрүлүп берилет. Бирок, баары бир бул каражат келтирилген зыяндын ордун толтура албайт», -деди Өткүрбек Жамшитов. 

Маалым болгондой, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун 18 млн сомдук мүлкү, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин 259,9 млн сомдук, Жантөрө Сатыбалдиевдин 44,3 млн. сомдук, Айбек Калиевдин 19,5 млн. Мусажан Макелектин 18,5 млн. Салайдин Авазовдун 67,8 млн. жана Жолдошбек Назаровдун 1,7 млн. сомдук мүлкү камакта. 

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар башкы прокурордун Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча отчетун угуп жатышат.