03.04.2019 10:46

Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча соттук отурумда журналисттерди залдан чыгарып салышты

Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча соттук отурумда журналисттерди залдан чыгарып салышты

ЖЭБ иши боюнча соттук отурумда журналисттерди залдан чыгарып салышты. Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБ боюнча сот иши жүрүүдө. 

Отурум баштала электе ЖМК өкүлдөрүн залга киргизген менен, бир аздан кийин кайра чыгарып салышты. Андан сырткары отурумга айыпталуучулардын жубайларын жана туугандарын киргизишкен жок. 

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, мында мыйзам бузуу орун алууда. «Бул адамдар аз болушу үчүн атайын жасалган нерсе. Мындай жол менен ЖЭБди жаңылоо боюнча ишти тергөөдө кандай мыйзам бузууларга жол берилгенин коомчулукка билгизбөөнү максат кылышууда. Айыпталуучулардын жактоочулары  бул иш ойдон чыгарылган деп канча ирет айтышты. Аялдарын, туугандарын жана журналисттерди киргизбей жатканы - мыйзамды бузуу», -деди Кундуз Жолдубаева.