06.09.2019 15:02

Бишкек ЖЭБинде авария болду. Жабыркагандар бар

Бишкек ЖЭБинде авария болду. Жабыркагандар бар

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ЖЭБинде турбиналардын биринде авария болуп, эки адам жабыркады. Бул туурасында «Электр станциялары» ишканасынан билдиришти, деп жазат Kaktus.media.

Алдын-ала алынган маалыматта, авариядан эки жумушчу күйүк алганы кабарланат. Ал эми, Саламаттыкты сактоо министрлиги April.kg порталына жабыркагандар тууралуу маалыматы жок экенин, «Тез жардам» кызматына эч ким кайрылбаганын билдирди.

«Электр станциялары» ишканасынан авария болгон турбина оңдолгонун жана электр өндүрүп чыгууга эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын билдиришти. Анын келип чыгуу себептерин атайын комиссия изилдеп чыгат.