08.07.2019 18:14

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жумушчусуна оюнчук тапанча менен кол салган шектүү кармалды

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жумушчусуна оюнчук тапанча менен кол салган шектүү кармалды

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жумушчусун оюнчук тапанча менен коркуткан шектүү кармалып, милициянын райондук бөлүмүнө жеткирилди. Бул туурасында шаардык мэриядан билдиришти. 

Эскерте кетсек, 4-июлдан 5-июлга караган түнү Абдырахманов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жолдогу жараңкаларды жамап жүргөн «Бишкекасфальтсервистин» жумушчусун 01kg 783AEU мамлекеттик номери илинген Honda Fit унаасынын айдоочусу тапанча менен коркутуп, башка чапкан. Кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Башынан жаракат алган 29 жаштагы О.К. ооруканага жаткырылган.

Бүгүн, 8-июлда милиция кызматкерлери шектүү айдап жүргөн автоунааны аныктап, кийин 26 жаштагы Ж.У.ну кармашты. Ал Октябрь РИИБ Тергөө кызматына жеткирилди. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал милиция кызматкерлерине оюнчук тапанчасын өз эрки менен өткөрүп берди. 

Ошондой эле, унаа анын менчиги эмес экени, бир ай мурун башка адамдан ижарага алып иштетип жатканы белгилүү болду. 

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.