27.09.2018 13:05

Бишкекке жаңы келген троллейбустар кандай экен? (видео)

Бишкекке жаңы келген троллейбустар кандай экен? (видео)

Бир жылдын ичинде Бишкекте зымсыз, автономдук троллейбустар каттай баштайт. Бул тууралуу April.kg сайтына борбор калаанын троллейбус башкармалыгынан билдиришти. Учурда Европа Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, дейт муниципалитеттин сатып алуулар кызматынын жетекчиси Максат Иманкожоев.

Белгилей кетсек, шаарга 52 троллейбус алынып келинди. Жаңы коомдук транспорт менен камсыздоо Европа Өнүктүрүү банкынын каржылык жардамы менен ишке ашкан. Кабарчыбыз Жеңишгүл Шабданбекова биринчилерден болуп жаңы транспортторду сынап көрдү.