25.05.2020 08:50

Коомдук транспорт иштей баштады

Коомдук транспорт иштей баштады

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштады. Эл ташыган автобус, троллейбус жана кичи автобустар санитардык талаптарды сактоо менен жүрөрү айтылган. Линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат. Бардык металл жана пластик беттердин тазаланышы шарт.  Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен  чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 25-майда 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгарын кабарлаган.

Ошондой эле өлкөдө кийим саткан базарлар, 50 орундуктан ашык эмес жайкы кафелер, театр, музей, галерея менен китепкана толугу менен иштеп баштады. Аталган жайга баргандар  аралыкты сактоосу талап.