25.05.2020 16:28

«Дордой» базары тарапка кеткен Совет көчөсүндө унаалардын чоң тыгыны жаралды (сүрөт, видео)

«Дордой» базары тарапка кеткен Совет көчөсүндө унаалардын чоң тыгыны жаралды (сүрөт, видео)

Бүгүн «Дордой» базары тарапка кеткен Элебесов көчөсүндө (мурдагы Совет көчөсү) унаалардын чоң тыгыны пайда болду. Бул тууралуу «Апрелдин» кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, унаа тыгыны чоң Чүй каналынан тартып бир канча чакырымды түзгөн. Редакцияга билдирген күбөлөрдүн айтымында Витебский көчөсү тушта («Тополек» кафеси) жол иштери жүрүп жатканына байланыштуу жолдун жарымы жабык турат.