25.05.2020 16:56

Бишкек шаарында сейил бактар менен бульварлар ачылат

Бишкек шаарында сейил бактар менен бульварлар ачылат

Бишкек мэриясы бүгүнкү күндөн тартып, сейил бактар менен бульварларды сейилдөө үчүн ачты.

Калаа мэриясынын маалыматына караганда "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышын камсыз кылуу тапшырмасы берилген.

“Этият болууга жана аралыкты сактоого чакырабыз”-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сейил бактарда эс алууга тыюу салынган.