05.12.2018 12:59

Бишкек-Кордай унаа жолунда жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп, сүйрөп кеткен

Бишкек-Кордай унаа жолунда жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп, сүйрөп кеткен

Бишкек-Кордай унаа жолунда жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп, 20-30 метрге сүйрөп кетти.  Бул  маалыматты April.kg порталына Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кырсык бүгүн, 5-декабрда болжол менен 12:00дө Аламүдүн районунун Ленин айылында болгон. 

«1-класстын окуучусу мектептен чыгып баратып, жолду кесип өтөм дегенде жүк ташуучу унаа коюп кетиптир. Кыз алган жаракаттарынан ошол жерде каза тапты. Айдоочу казак жараны экен, унаа дагы Казакстандыкы. Азыркы учурда жол кырсыгына эмне себеп болгону териштирилип, жол тескөөчүлөр жеринде иш алып барышууда», -деп билдиришти маалымат кызматтан.