Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан күндүзү өтүүгө чектөө салынат
2018-жылдын 23-апрелинен тартып, 4-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт:
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 23-апрелинен тартып, 4-майга чейин аталган багыт боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан саат 9:00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат. Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Ошондой эле, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, 24-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Аталган унаа жолу саат 8-00дөн тартып, 22-00 гө чейин толугу менен жабылат.
Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: