02.03.2018 11:41

Бишкек-Ош унаа жолуна таш түштү

Бишкек-Ош унаа жолуна таш түштү

Бишкек—Ош унаа жолунда шагыл аралаш таш түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалыматы боюнча, 2-мартта  саат ондор чамасында жолдун 398-чакырымында (Аюу-Булак тилкеси)  көлөмү 1300 кубометр шагыл түшүп, жолду жаап калган.

Жолду тазалоого №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

"Учурда жол тазаланып, эки тарабы тең ачык", - деп билдирет ӨКМ.