15.11.2018 16:32

Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү

Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү

Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

2018-жылдын 15-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Чычкан капчыгайы) алдын-ала маалымат боюнча газ ташуучу унаа жол жүрүп бара жатып оодарылып өрт чыккан.

Бактыга жараша унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган О.Г. унаадан жерге секирип аман калган. Айдоочу майда жаракат алган жана абалы туруктуу.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:10до КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:10до толук өчүрүлгөн.