02.11.2019 15:17

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 9 адам жабыркады, арасында кош бойлуу келин бар

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 9 адам жабыркады, арасында кош бойлуу келин бар

Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаа сүзүшүп, 9 киши жабыркады. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө таянып, Super.kg жазды. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 30-октябрь күнү саат 23:00 чамасында болгон.

«Mazda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеде келе жаткан «Хонда Степвагон» унаасы менен сүзүшкөн. «Хонда Степвагон» «Хонда Одиссей» унаасын сүзүп барып токтогон. Кырсыктын кесепетинен «Мазда» унаасында жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми «Хонда Степвагондун» айдоочусу жана дагы 4 жүргүнчү аталган оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми «Хонда Одиссей» машинасынан дагы 3 жаран ооруканага, алардын ичинен бир келин төрөтканага жеткирилген», - деп билдирди мекемеден.