23.03.2018 17:31
Бишкек-Ош жолуна 27-мартка чейин чектөө киргизилди
23-марттан тарта 27-мартка чейин айрым унаа жолдордо кечкисин жүрүүгө тыюу салынат. Атап атканда, Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусундагы кыймылга чектөө киргизилет.
Кечки саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Таңкы 06:00да кайрадан бардык посттор ачылат.
ӨКМ жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маал алыскы сапарга чыкпоону эскертет.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: