19.03.2018 10:30
Бишкек-Ош унаа жолунда түнкү кыймылга чектөө киргизилди
Туруксуз аба ырайына байланыштуу 19- марттан 22-мартка чейин тоолуу аймактарда, Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелеринде, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Буга байланышуу ӨКМ кооптуу аймактарда унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоого чакырат.
Эскерте кетсек, туруксуз аба ырайына байланыштуу 17-марттан 20-мартка чейин саат 21:00дон 06:00го дейре Бишкек-Ош жолун унаалар үчүн жаба туруу тууралуу Премьер-министрдин буйругу чыккан.
18-мартка карата Бишкек-Ош жолу “Сосновка”, “Арал” бекеттеринде жана “Өтмөк” ашуусунда кечки 21:00дон баштап, унаанын бардык түрүнө жабык болду. 19-мартта саат 06:00дон тартып, жол ачык. .
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: