23.05.2018 12:15

Бишкек-Ош жолундагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы

Бишкек-Ош жолундагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы

Кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында жол кырсыгы катталып, ал адам өлүмүнө алып келди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, «Ауди» жана «Субару Форестер»  үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, андан 1982-жылкы аял көз жумду. Кырсыктан дагы жети адам жабыркады.  

Кырсык болгон жерге чакырылган ӨКМ куткаруучулары каза болгон аялдын сөөгүн унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жаткырылды.