27.04.2018 14:32

«Бишкек-Паркка» бомба коюлду деген маалымат текшерилүүдө

«Бишкек-Паркка» бомба коюлду деген маалымат текшерилүүдө

Бүгүн саат 13:29да «102» нөөмөт бөлүмүнө «Бишкек-Парк» соода борборуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.Мындан улам,коопсуздук кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери «Бишкек-Паркка»  барышты.

Учурда соода борборунун аймагы курчоого алынып, имараттын ичиндегилер чыгарылды.

МУККтун адистери соода борборун тинтип, бомбанын бары-жогун текшеришүүдө.  

Ошондой эле, телефондук “террористтин” өздүгүн тактоо максатында, иликтөө иштери жүрүп жатат.