31.05.2018 14:13

«Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасында жемкорлук фактылары аныкталды

«Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасында жемкорлук фактылары аныкталды

«Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасында жемкорлук фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Укук коргоо системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча МУКК кызматкерлери жүргүзгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Базар-Коргон райондук жол кыймылын камсыз кылуу (ЖККК) бөлүмүнүн жана «Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Анда коопсуздук кызматына  почта бөлүмүнүн кызматкерлери менен ЖККК айрым кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча административдик чараларды фиктивдүү түрдө каттап, айыптарды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарды ыйгарып алып турушкан.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы 440 даана протоколдордун жетишсиздиги жана 175 даана админстративдик укук бузуу жөнүндө протоколду жасашкандыгы аныкталды.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян болжол менен жарым миллион сомго жакын сумманы түздү.

МУКК материалдары боюнча, Базар-Коргон райондук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү («Кызматтык жасалмачылык») жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу») боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө жүрүп жатат.