06.06.2018 09:18

Осмонбек Артыкбаев "Жемкорлук" фактысы менен камакка алынды

Осмонбек Артыкбаев "Жемкорлук" фактысы менен камакка алынды

Коррупция фактысы боюнча ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Бул туурасында комитеттин маалымат кызматынан билдиришти. 

2018-жылдын 5-июнунда  ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКга суракка чакыртылган.  Анда  тергөөчүлөр энергетиканын мурунку министри Артыкбаев менен Энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди беттештиришкени  айтылат.   

Ушул эле күнү баш прокурор  Артыкбаевге карата “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303- беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР ЖК депутаты О.Артыкбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.