01.07.2019 10:03

Бишкекте 16 жаштан 24 жашка чейинки балдарды чогултуп жатышат

Бишкекте 16 жаштан 24 жашка чейинки балдарды чогултуп жатышат

Бишкекте үй комитет башчыларынан 16 жаштан 24 жашка чейинки балдарды чогултуп берүүнү суранып жатышат. Бул туурасында 24.kg агенттиги «АБВ» Турак-жай ээлеринин шериктигинин төрагасы Райкан Кунакуновага таянып жазып чыкты.

Жаштарды экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгарууга жыйнап жатышат деп божомолдогон үй башчылары өз тынчсыздануусун билдиришүүдө. 

«Бизди чымыр денелүү, жигердүү жаштарды чогултуп бергиле деп суранып жатышат. Жергиликтүү аймактык башкармалыктан эмнеге чогултуп жатышканын айтпай коюшту (МТУ-ред.). Бул албетте, бизде суроо жаратпай койбойт жана коомдо ашыкча чыңалууну пайда кылууда», — деген Райкан Кунакунова.

Ал ошондой эле агенттикке балдарды спорттук лагерге жөнөтөт деген божомол айтылганын, бирок ал лагерь каякта экени, канча күнгө барышары, кимдин эсебинен каржыланаары туурасында кеп козгобой жатышканын кошумчалаган.