27.09.2018 14:41

Бишкекте 164-маршруттук таксинин айдоочусу кичине кызды ыйлатты

Бишкекте 164-маршруттук таксинин айдоочусу кичине  кызды ыйлатты

Бишкекте 164-маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчү кызды ыйлатты. Чоң эле кишинин кичине кызга карата орой мамилесин социалдык тармактарга нааразы болгон шаар тургундары жарыялашкан. 

Тасмада айдоочу жүргүнчүлөргө кыйкырып, кичине кыз «түшөм» деп ыйлап жатканын көрүүгө болот. Салондогу башка жүргүнчүлөр кызга болушуп, сооротуп жатышат.