17.09.2018 16:00

Бишкекте 1-курстун студентине кол салып, муунтуп, акчасын тартып алышкан

Бишкекте 1-курстун студентине кол салып, муунтуп, акчасын тартып алышкан

Бишкекте Кара-Жыгач сейил багынын жанынан 18 жаштагы Э кызы А.ны сабап, жанындагы акчасын тартып алышты. Окуя 15-сентябрь күнү  эртең менен А. окуусуна бараткан учурда болгон. Жол жээгинде кетип бараткан кыздын жанына кара түстөгү унаа токтоп, оозун жаап,  салып кеткен. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагына Бактияр Асанов аттуу колдонуучу жазып чыкты.

«Эртең менен велосипедчен Кара-Жыгач сейил багына ишембиликке бара жаткам. Жетейин деп калганда, жолдун жээгинде жаткан кызды көрдүм. Колу, беттери кан болуп, ичин кармап ыйлап жатыптыр. Жанында бир кыз менен жигит бар экен. Алар менден тез жардам чакырып коюуну өтүнүштү. Кыздын айтымында, жолдун жээгинде келатса, кара түстөгү унаа салып кетиптир. Унаанын ичинен кызды бычак менен коркутуп, бут кийиминин боосун чечип алып, муунтушуптур. Кара-Жыгач токоюна алып барышып, унаадан түшүрүп, «кескилеп туруп, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберебиз» деп коркутуп, болгон акчасын алып кетишиптир», -деп жазат колдонуучу.

April.kg  порталына Бишкек шаардык ИИБден бул факт Свердлов РИИБинде катталганын билдиришти. Чакырылган тез жардам кызматынын дарыгерлери кызга жеринде жардам көрсөткөн. Окуя тууралуу кыздын туугандарына кабарланып, алар жабырлануучуну үйүнө алып кетишкен.  

«Кыз милицияга арыз жазган жок. Стресс абалында болуп, башаламан көрсөтмө бергендиктен, өзүнө келсин деп үйүнө кое берилди», - дешет маалымат кызматтан. 

Ошол эле учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалганы, териштирүү иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.