16.10.2019 14:07

Бишкекте 5-кабаттан кулаган өспүрүм ооруканада каза тапты

Бишкекте 5-кабаттан кулаган өспүрүм ооруканада  каза тапты

Бишкектеги Коенкөзов көчөсүндөгү үйдүн 5-кабатынан кулап кеткен өспүрүм ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.

Эскерте кетсек, кырсык 8-октябрда болуп, 17 жаштагы өспүрүм оор жаракаттары менен 3-шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген болчу.