04.04.2019 12:02

Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечитинин ачылышы болду (сүрөт жана видео)

Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечитинин ачылышы болду (сүрөт жана видео)

Бүгүн Бишкектин 7-кичирайонунда экс-президент Алмазбек Атамбаев курдурган «7-апрель шейиттери» мечитинин ачылышы болду. Ага экс-президент өзү, аалым Абдышүкүр ажы Нурматов да катышты. 

Алгач мечитте жалпы арбактарга арналып, куран окутулду. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя Кыргызстандын тарыхы үчүн эң маанилүү күн экенине токтолду. 

«Президент кезимде бул күндү майрам күн, кызыл күн кылдым. Бирок ошол күнү каза болгондордун туугандары, жарадар болгондор мени түшүнөт, бул - дагы эле кайгылуу күн. Бирок, тарыхта майрам катары калсын дедим. Анткени, Кыргызстандын келечеги, тарыхы үчүн 7-апрель 2010-жыл- Аксы окуясынан кийинки эле эң орчундуу  күн. Президент болдум, мына мечитте Кудай алдында туруп айтып атам, мен таза иштедим. Бирөөгө  пара бер, же жамандык кыл деп айткан эмесмин. Буга Кудай -күбө, тарых күбө болот.

Мечитти салууга берген 2 гектардан ашык жер 25 жылдан ашык убакыттан бери менин менчигимде болчу. Аны да мамлекеттин жерин берип койду деп айтып чыгышпасын. Мечиттин тегерегиндеги гранит Ала-Тоо аянтынан келген жок, башка досторумдун көмөгү менен жаңы сатып келдим. Мен президент болуп турганымда өлкөдө жүздөгөн мектептерди салдырдым. Бирок, мен - мусулманмын. Андыктан, мечит салуу да-милдетим», -деди экс-президент. 

Атамбаев ошондой эле, мечиттин кире беришинин оң жагында 2010-жылы 7-апрелде шейит кеткендердин аты-жөнү жазыла турганын билдирди. 

Мечит беш миң кишиге ылайыкташылып, 2 гектардан ашык жерге салынган. Буга кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалган.