30.11.2018 11:40

Бишкекте 8 миң 400 керектөөчүнүн электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте  8 миң 400 керектөөчүнүн электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте декабрь айынын башында 8 миң 400 керектөөчү электр жарыгы жок калат. Бул тууралуу  «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Ишкананын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы 1-3-декабрда Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8 400 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 22,7 млн. сомду түзөт.

«Быйылкы жылдын декабрь айынын бири, экиси дем алыш күндөргө туш келет. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн  электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүңүздөр», -дешет ишканадан. 

«Түндүкэлектр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме «Түндүкэлектр»  ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, «акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу  билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.