Бишкекте абанын булганышы ден соолукка таасир этет

Бишкекте абанын булганышы ден соолукка таасир этет

Ордо калаадагы абанын булганышына өкмөт эми гана көңүл бурду. Министрлер кабинети бул көйгөйдү комплекстүү иш чараларды аткарып, чечиш керек дейт. Ошол эле учурда жарандык активисттер Бишкектин абасы жыл сайын булганып жатканын айта берип чарчашты. Алардын айтымында, шаардын айрым тилкелеринде аба нормадан сегиз эсеге чейин булганган учурлар бар.