Депутат: Бишкек экологиялык кыйроонун чегинде

Депутат: Бишкек экологиялык кыйроонун чегинде

Бишкек экологиялык кыйроого жакындап калды. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Бүгүн, 28-ноябрда депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда Бишкектин булганган абасы боюнча маселени көтөрдү.

Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, жылына экология үчүн деп 900 миллион сом бөлүнөт. Анын басымдуу бөлүгү айлык-маянага сарпталат. Ал эми Бишкек түтүнгө уулугуп отурат.

Ал эми мамлекеттик экотехинспекциянын башчысы Мирслав Аманкулов “Бишкекте 400 миңден ашуун автоунаа жүрөт. Күнүнө линияга 3 миң кичи автобустар чыгат. Жаңы конуштарда көмүр арбын жагылат. Газификациялоо керек. Анын үстунө электр энергиясын колдонууга чектөө бар. Балким аны азайтсак, аба бир аз болсо да тазармак”, - деп билдирди.