11.10.2018 18:20

Бишкекте адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрү изделүүдө

Бишкекте адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрү изделүүдө

Бишкек шаарында «Garden» мейманканасынын жанында аялды өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул туурасында ЖКККББдан билдиришти. 

Каргашалуу окуя 10-октябрь күнү саат 20.40 чамасында Медеров көчөсүндө «Garden» мейманканасынын каршысында болгон.

Жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден өтүп бараткан европа улутундагы 40-45 жаштагы аялды унаа сүзүп, ал алган жаракаттарынан ооруканада каза тапкан. 

Унаа болжол менен БМВ Е34 үлгүсүндө, өңү  бозомук. 

Эгер бул кырсыкка күбө болгондор,  айдоочу же анын унаасы тууралуу маалыматы барлар болгон болсо- 0705974777,  0555974777 номерлерине чалып коюну суранышат.