05.04.2018 13:27

Бишкекте Апрель баатырлары эскерилди

Кечээ, 4-апрель күнү, Бишкектеги Улуттук филармонияда Апрель окуяларында шейит кеткендер эскерилди. Аталган иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар депутаттар катышты. Катышуучулар парламенттик башкаруу жана өлкөдөгү демократи- апрель баатырларынын эрдигинин жыйынтыгы деп белгилешти. Жыйында айтылган урунтуу сөздөрдү April.kg кабарчысы Айнура Исмаилованын материалында сунуштайбыз.