06.12.2019 12:08

Бишкекте асманга ок атып, бейбаштык кылган жаран кармалды

Бишкекте асманга ок атып, бейбаштык кылган жаран кармалды

Шаардык милициянын ыкчам кызматы колуна тапанча кармап алып бейбаштык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБден кабарлашты.

Кун мурун, 5-декабрда болжол менен саат 13:42 чамасында Бишкек ШИИБнин “102” кызматына коңгуроо чалышып, Ч. Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу «Тойота» автоунаасын башкарып баратып, асманга ок чыгарганын билдиришкен.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Маалыматка караганда Масалиев көчөсүндө үлпөт тоюнда жүргөн автоунаалардын арасынан ак түстөгү «Тойота Камри» автоунаасын башкарган айдоочу белгисиз тапанчадан ок чыгарган.