24.06.2019 13:49

Бишкекте Атамбаев менен Жээнбековду ынтымакка чакырган тынч акция болуп өттү

Бишкекте Атамбаев менен Жээнбековду ынтымакка чакырган тынч акция болуп өттү

Бишкекте Атамбаев менен Жээнбековду ынтымакка чакырган тынч акция болуп өттү. Аны бишкектик жаш жигиттер Шабдан Замирбек уулу менен Адилет Касымбеков өткөргөн.

Алар шаар тургундарына Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы достук үчүн, же эки саясатчынын бирөө үчүн добуш берүүнү сунушташкан.  

Бир жылга жакын убакыттан бери балдар вайн ( 2 секундадан 20 секундага созулган кыска роликтер. – ред.) тартуу менен алектенип келишкен. Бир нече күн мурун коомдо көп көтөрүлүп жаткан тема боюнча өз пикирлерин билдирүүнү чечип, борбордук көчөгө плакаттар менен чыгышкан. Кагаздардын биринде «Атамбаев үчүн», экинчисинде - «Жээнбеков үчүн» жана үчүнчүсүндө «Достук үчүн» деген жазуулар болгон. Жигиттер шаар тургундарын тандаган кагазына белги коюуга чакырышкан.  

View this post on Instagram

Политики – это машина, которая уничтожает дружбу. Уважаемые @almazbek_atambaev_official @sooronbai_zheenbekov_official давайте жить в мире и согласии . ?‍♂️ @shabdan_baatyr69 ? @laim.kg ?‍♂️ @tanzanit19 ??‍♂️ @san1arofficial #пранк#социальныйэксперимент#кыргызстан#казахстан#россия#приколы#социальныйролик#пикап#бишкек#астана#москва#пранки#розыгрыш#эксперимент#моядевушка#ош#бишкек#талас#баткен#нарын#жалалабад#ысыккол#алмаата#опрос#смешныевидео

A post shared by Адилет Касымбеков | ПраВайн ?? (@kasymbekovv) on

«Биз өзүбүз  бейтараппыз. Кыргызстанда тынчтык жана өсүп-өнүгүү болушун каалайбыз. Президенттер -биздин өлкөнүн жүзү. Биздин президенттер  өздөрүн ушундай образда көрсөтүп жатса, башка мамлекеттер кандай карашат? Жаштарга үлгү болуулары тийиш!» - деп билдирди долбоордун катышуучуларынын бири.

Анын айтымында, элдер ар кандай пикирлерин билдирип жатышты. Ким-бирөө Атамбаевге добуш берсе, башкасы Жээнбековду колдоп, бирок көпчүлүгү тынчтыкты каалай тургандыктарын билдиришкен.

Баш-аягы канча адам добуш бергенин жигиттер так айта алышкан жок. Бирок, акция жаштарга багытталган менен улуу муундар да кайдыгер калбай, өз добушун беришкенин кошумчалашты.