09.03.2020 12:24

Бишкекте автокырсык катталып, унаа соода борборунун босогосуна чейин кирип келди

Бишкекте автокырсык катталып, унаа соода борборунун босогосуна чейин кирип келди

Бүгүн, 9-мартта “Космопарк” соода түйүнүн жанында автокырсык катталып, унаа 7-кичи районунда жайгашкан соода борборунун короосуна чейин сүрүлүп кирген.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, кырсык таң эрте саат 06:40тар чамасында жүз берген. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү иномарканы 27 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран башкарып бараткан.  

Рулду башкара албай калган айдоочу алгач темир тосмону сындырып, тротуарды аралап, соода борбордун алдына барып токтогон.

Учурда автоунаа айып төлөөчү жайга киргизилип, кырсыктын себептери такталууда.