25.02.2020 16:06

Бишкекте айымдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өтөт

Бишкекте айымдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өтөт

Айымдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы Бишкекте жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу өзүнүн Facebook-баракчасына Бишкек феминисттик демилгелери бирикмеси жазып чыкты.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жөө жүрүш 8-мартта саат 12:00дө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде старт алат. Белгилей кетсек, бул сымал акция жыл сайын өткөрүлүп келет. Ага каалоочулардын баардыгы катыша алышат.

Эске салсак, өткөн жылы аталган жөө жүрүш ызы-чуу менен коштолгон. Анда Кыргызстандагы кумсалардын укугун коргогон «Лабрис» аттуу уюм катышкан.

Алар жөө жүрүштө өзүлөрүнө таандык байрактарды көтөрүп чыгышкан. Бирок «Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү айымдардын укугу деген ат менен жамынып, уюштуруучулар гей-парад өткөрүштү деп сындап чыгышкан.