Бишкекте Айтматов проспектисинин тилкеси 8-августтан тарта ремонт иштерине жабылат
Бишкекте Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүнтөн, 8-августтан баштап аталган тилке ремонт иштери үчүн жабылат.
Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун төшөмүн калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүрөт. Тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлат. Иштер 28-августка чейин жүрөт. Бул убакта унаа кыймылы чыгышта Токтоналиев аркылуу жана батышта Жунусалиев менен Бакаев көчөлөрү аркылуу ишке ашырылат.
11-12-августта Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрөт. Башка күндөрү бул жана башка Айтматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький көчөлөрү менен кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: