23.05.2018 16:07

Бишкекте Ажыбек Баатыр көчөсүнүн тилкеси бир айга жабылат

Бишкекте Ажыбек Баатыр көчөсүнүн тилкеси бир айга жабылат

24-майдан тартып, Ажыбек Баатыр көчөсүнүн №1в дарегиндеги  үйдөн Шота Руставели көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. 

Көчөнүн аталган тилкесинде «Арек Строй» ЖЧКсы инженердик коммуникацияларды —жылуулук тарамын, суу түтүктөрүн, электр чубалгыларын жана канализацияны өткөрөт.  Иш 23-июнга чейин бүтүшү пландалууда. 

Мэрия калаа тургундарынан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды жол тыгындарын жаратпоо үчүн башка багыт тандоого чакырат.