09.01.2019 10:36, Аман Бакиров

Бишкекте бала бакчанын тилкесине көп кабаттуу үй салынганы жатат

Бишкекте бала бакчанын тилкесине көп кабаттуу үй салынганы жатат

Бишкектин 5-кичирайонунда №138 бала бакчага тиешелүү тилкеге көп кабаттуу турак үй салынганы жатат. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, бала бакчанын жанында жайгашкан тилкени курулуш иштерине берүү токтому 2012-жылы ошол кездеги мэр Иса Өмүркуловдун тушунда чыккан. Ал жерге мамлекеттик жумушта иштегендерге– мугалимдер, медицина кызматкерлерине арналган 72 батирлүү, 9 кабаттуу  үй түшмөкчү.

Бирок, Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ал жердеги бала бакчага караштуу болгон жер тилкесинин бир бөлүгүн дагы алып коюуда. Тактап айтканда, бакчанын кашаасын ары жылдырып, бошогон жерди курчап алган. Бул канчалык мыйзамдуу деген April.kg  кабарчысынын суроосуна, документтерди мыйзамдуулугун текшеребиз деп жооп беришкен менен, учурда аталган жерде курулуш иштери башталганы маалым болду.

Жергиликтүү тургундар болсо, балдар ойноочу аянттын жанында курулуш иштери жүрө турганына нааразы. Алардын айтымында, бул - балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаратат.  «Курулуш жүрүп жаткан учурда балдардын үстүнө бир нерсе түшүп кетсе, ким жооп берет?», -деп суроо салышат ата-энелер.