14.03.2019 15:04

Бишкекте батирге ууруга кирүүгө шектелип казак жараны кармалды

Бишкекте батирге ууруга кирүүгө шектелип казак жараны кармалды

Бишкекте батирге ууруга кирүүгө шектелип казак жараны кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-мартта саат 21:20 чамасында «102» кызматына «Чыгыш-2» кичирайонундагы үйлөрдүн биринде белгисиз эркек киши терезе аркылуу батирге кирүүгө аракет кылып жатканы туурасында билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча Биринчи Май райондук ИИБине С.С. аттуу аял кайрылып, белгисиз адамдар ашканадагы терезе аркылуу анын батирине ууруга киришкенин билдирген. Алар үйдөгү баалуу буюмдарды жана акчаларды алып, из жашырып кетүүгө аракет кылышкан.

Бул арыз «уурдоого аракет кылуу» беренеси менен бирдиктүү реестрде катталган. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Казакстан жаранын кармашкан. Андан газ баллон, кол кап, айнекти кесүүчү шайман, эшикти ачуу үчүн ачкычтар жана 2 уюлдук телефон алынган. 

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.