06.11.2019 18:03

Бишкекте белгисиз кыздын сөөгү табылды. Милиция таанууда жардам сурайт

Бишкекте белгисиз кыздын сөөгү табылды. Милиция таанууда жардам сурайт

Бишкектеги ЖЭБдин насостук станциясынан белгисиз кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 3-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында табылган. Денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө ага карата күч колдонуу белгилери болгон эмес.

Өзгөчө белгилери: болжол менен бою 165 сантиметр, арыкчырай, бет түзүлүшү тоголок, чачы кара, узун. Жаагынын оң капталында кыйшык өскөн тиши бар. Сол бутуна браслет тагылган.

Кийген кийимдери: I LOVE MOSCOW деген жазуусу бар футболка. SPORTS деген жазуусу бар кызыл түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кызматкерлери жансыз дененин аты-жөнүн тактоо иретинде маркумду таанып билгендерден жардам сурайт.

Байланыш телефону: 102-387, 0703 222-622, 0702 498-888, 0772 847-336 жана 102 кызматы.

 
Табылган сөөк. Сезгенчээк адамдарга көрүү сунушталбайт!!!