16.04.2019 12:37

Бишкекте «Берекет универсал» базарынын сатуучулары митингге чыгышты. Алардын талабы (видео)

Бишкекте «Берекет универсал» базарынын сатуучулары митингге чыгышты. Алардын талабы (видео)

Бишкекте «Берекет универсал» базарынын сатуучулары митингге чыгышты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Сатуучулардын айтымында, базар администрациясы алардын тынч соода жүргүзүүсүнө бут тосуп жатат. Учурда сатуучулардын электр энергиясы өчүрүлүп, базарга баруучу көпүрө алынып салынган. «Мындай жол менен жетекчилик бизди жаңы салынып жаткан соода борборунан бир чарчы метрин 1,5 миң долларга түйүн алууга мажбурлап жатат», -дешет соодагерлер.

Жарыкты күйгүзүү талабы менен чогулган 1,5 миңдей сатуучу администрацияга барып, бирок эч кимди таба алган жок. «Эгерде биздин талабыбыз угулбаса, «Ак үйдүн» алдына барабыз», - дешет чогулгандар.