23.05.2019 10:34

Бишкекте Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды. Бул туурасында УКМК басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн подрядчы фирманын өкүлүнөн  пара талап кылган. 21-май күнү 15 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү. 

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.